Орусиянын түрмөлөрүндөгү аялдар согушка азгырылып жатканын укук коргоочулар алгач ирет 2022-жылдын соңунда айтып чыгышкан.
Алардын маалыматына караганда, миңдей аял согушка азгырылган. Теңи майданда набыт болгон, теңи ырайым алгандан кийин үйлөрүнө кайткан. Азгыруу дагы эле уланып жатат.
“Север.Реалии” долбоору соттолгондордун көбү 2023-жылы фронтко жетпей калганын аныктаган. Азыр Орусиянын түрмөлөрүндө 400 миңдей адам бар. Алардын сегиз пайызын аялдар түзөт. Бул болжол менен 35 миң дегенди билдирет.
2023-жылдын март айында мурдагы Коргоо министри Сергей Шойгу Украинадагы согушка 1100 аскер аял катышып жатканын, алардын ар бир үчүнчүсүнө мамлекеттик сыйлык ыйгарылганын айткан.