Кыргызстанда 15-мартты – Аталар күнү катары жыл сайын белгилөө сунушталууда.
Бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Медербек Алиев, Кубанычбек Самаков, Акылбек Түмөнбаев, Улугбек Ормонов, Марлен Маматалиев, Элмурза Сатыбалдиев жана Айбек Маткеримов даярдашкан. Эгер аталган мыйзам долбоору парламенттен колдоо таап калса, анда Аталар күнүндө дем алыш болбойт. Ошондой эле, Аталар күнүн белгилөөнү коомчулук да колдоого алууда.