logo_achyk
Тажикстанда бир түндө эки үй-бүлөдөн алты адам киши колдуу болгон окуя иликтенүүдө

June 11, 2024

Тажикстанда тартип коргоо органдары эки үй-бүлөдөн бир түндө алты адам киши колдуу болгон окуяны иликтеп жатканын 4-июнда «Азаттыктын» тажик кызматы жазды. Окуя Согд облусуна караштуу Канибадам шаарынын аймагындагы Санжидзор кыштагында 29-майга караган түнү болгону, бир үй-бүлө тажик улутундагылар, экинчиси этникалык кыргыздар экени, чоо-жайы боюнча расмий маалымат бериле электиги кабарланды. «Озоди» радиосунун маалыматына караганда, тажик үй-бүлөдөн 38 жаштагы келин жана анын 17 жана 14 жаштагы эки окуучу уулу каза болду. Туугандары үчөө тең күч колдонулуп өлтүрүлгөнүн айтып беришти. Келин айылдык ооруканада медайым болуп иштечү, күйөөсү Орусияда миграцияда. Кыргыз үй-бүлөдөн киши колдуу болгондор 54 жаштагы аял, 47 жаштагы иниси жана анын 46 жаштагы жубайы экени, каргашалуу түнү жубайлардын үч баласы да ошол жерде болгону, алар аман калганы кабарланды. Айылдаштарынын айтымында, бул үй-бүлөнүн жакын туугандарынын баары Кыргызстанда жашайт. 54 жаштагы Зулхо Иброхимова Санжидзор кыштагындагы орто мектепте директордун орун басары болуп иштегени белгилүү болду. Бул мектепте этникалык кыргыздардын балдары билим алышат. Тартип коргоо органдары расмий маалымат бере элек. «Озодиге» маркумдардын жакындары айтып беришкендей, алардын үйүнөн акча жана башка баалуу буюмдары жоголду. «Андан мурдараак Канибадамдын башка кыштактарында да белгисиз жагдайда бир нече адам өлтүрүлгөн. Соңку окуяга ошол эле кылмышкерлердин тиешеси барбы же жокпу, белгисиз. Милиция акыркы үч айда эле Канибадамда кеминде төрт үй-бүлөдө адамдар киши колдуу болгону тууралуу маалымат тараткан. Бул кылмыштардын баарынын чоо-жайы белгисиз, ал эми кылмышкерлер боштондукта жүрөт», – деп билдирди «Озоди».
Facebook
Telegram
WhatsApp
VK
X