logo_achyk
Өмүрбек Бабанов журналист Карымшаковду сотко берди

June 11, 2024

Саясатчы Өмүрбек Бабанов журналист Эламан Карымшаковду сотко берип, 1 млн сом доо койду. Бул боюнча журналист өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Анын айтымында, Бабановдун сотко берүүсүнө, шаардагы “Фрунзе” гипермаркеттер тармагынын айланасындагы чыр боюнча аталган тармактын негиздөөчүсү Болотмамбет Жээнбековдон алган маеги себеп болгон деп эсептейт. Мындан бир ай мурда, ишкер Жээнбеков, «Фрунзе» соода түйүндөрүн Бабанов алдоо жолу менен тартып алганын айтып, журналист Карымшаковго маек берген. Бабанов бул айыптоону четке кагып, соода жайлары анын колуна мыйзамдуу түрдө өткөнүн билдирип чыккан.
Facebook
Telegram
WhatsApp
VK
X